Кадамжайда белгисиз жарандар ата-баланы өлтүрүп, аял кишини жарадар кылып кетишти

0
1176

2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын 61жаштагы жана 29 жаштагы тургунун белгисиз атуулдар белгисиз ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы аял кишини уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен.

Бул маалымат боюнча ошол эле түнү Кадамжай милициясынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйлөрүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, эс алып жаткан 61жаштагы эркек кишини көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29жаштагы жарандын башына атып, 59жаштагы аялын башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен.

Атылган октон жараат алган ата бала окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here