Баткенде акыркы аптада 977 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган 19 айдоочу, мас абалында авто унаа башкарган 39, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган 180 жана мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган 8 айдоочу катталып, Башка жол эрежелерин бузган 731 факт аныкталган.
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 60 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.