“Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл” сынагы старт алды

0
586

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2024-жылга  карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын планынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл: тарыхы жана азыркы учур” темадагы мыкты сүрөт, видеоролик жана дил баян боюнча сынак жарыяланып, старт алды.

Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары (жеке адамдар же чыгармачыл топтор) катыша алышат.

Катышуу үчүн сынактык иштерди 2024-жылдын 1-октябрына чейин аймактык прокуратура органдарына тапшыруу зарыл.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Толугураак маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: 0 (312) 54-27-46, 54-56-53

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here