«Салам Awards — 2021»

0
12803

«Салам Awards — 2021»

 

2021-жылдын жыйынтыгы менен, Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсү боюнча, «Салам Awards — 2021» жыл мыктыларын тандоо элдик сынагына талапкерлерден сунуштарды кабыл алабыз

Сынакка  өз тармагынын  өнүгүүсүнө  ак эмгегин  өтөп, жылдын мыктысы катары коомчулуктун таануусуна ээ болгон инсандар катыша алышат. Сынак интернет аркылуу элдик добуш берүү жолу менен өтөт. Элине ак эмгегин өтөп, бирок коомго анчейин тааныла бербеген мыктыларды даңазалоо максатында жамааттардан сунуштар кабыл алынат. Мындан сырткары областыбыздын бардык аймактарындагы жылдын мыкты инсандары өзүн-өзү жеке сунуштоо жолу менен да өз тармагы боюнча сынакка катыша алышат.

Мыктыларды тандап алуу төмөнкү номинациялар боюнча,төмөнкү критерийлер менен тандалат.

  • Жылдын мыкты мектеби
  • Жылдын мыкты мугалими
  • Жылдын мыкты жаш мугалими 
  • Жылдын мыкты балдар бакчасы
  • Жылдын мыкты тарбиячысы
  • Жылдын мыкты дарыгери
  • Жылдын мыкты мед айымы
  • Жылдын мыкты жетекчиси
  • Жылдын мыкты спортчусу
  • Жылдын мыкты журналисти
  • Жылдын мыкты студенти
  • Жылдын мыкты окуучусу
  • Жылдын мыкты маданият кызматкери
  • Жылдын мыкты ишкери
  • Жылдын мыкты кайрымдуу инсаны
  • Жылдын мыкты мейманканасы
  • Жылдын мыкты кол өнөрчүсү
  • Жылдын мыкты сулуулук салону
  • Жылдын мыкты кайрымдуулук уюму
  • Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери
  • Жылдын мыкты тартип сакчысы
  • Жылдын мыкты чек арачысы
  • Жылдын мыкты блоггери
  • Жылдын мыкты алып баруучусу(тамада)
  • Жылдын мыкты инсаны
  • Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, элинине материалдык-моралдык колдоо көрсөткөн,оор учурларда эл менен бирге болгон патриот инсандар катыша алат.

 

Ошондой эле 2021-жылда орун алган чек арадагы оор окуяларга, пандемияга карабастан социалдык-экономикалык өнүгүүгө  умтулган район,шаар,айыл өкмөтү, айылы үчүн да атайын номинациялар каралды. Алар:

Мыкты район

Мыкты шаар

Мыкты айыл өкмөтү

Мыкты айыл

 

 

Талапкерлерди сунуштоолор 2021-жылдын 19-ноябрына чейин берилүүсү зарыл.

 

Аталган талапкерлерге 20-ноябрдан баштап элдик тандоо добуш берүү үчүн «Салам Медиа» социалдык интернет тармагында ачык сынак жарыяланат.

Добуш берүү 2021-жылдын 10-декабрында токтотулат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2021-жылдын 20-декабрында өткөрүлөт.

 

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерден төмөнкүдөй маалыматтар талап кылынат:

— Атуул талапкерлер үчүн: ФАА, (9х12 өлчөмүндөгү) бюстук сүрөтү жана кыска жетишкендик өмүр баяны.

—  Катышуу  взносу 500

 

— Мекеме-уюмдар үчүн: Аталышы, дареги,  (9х12 өлчөмүндөгү) мекеменин сүрөтү жана мекеменин жетишкендиктери жөнүндө маалыматы

 

Сунуштамаларды  [email protected]  электрондук дарекке же Баткен шаары, 8-март көчөсү 25 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

 

Сурап-билүү, кабыл алуу телефону: 0507441112.0779342770.0223032703.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here