Баткенде журналисттердин  “Ийгиликке кадам” форуму өтөт 

0
54

Баткенде 7-8-сентябрь күндөрү журналисттердин “Ийгиликке кадам” аталышындагы форум өтөт. Аталган форумга 80ге чукул журналист катышат.

Бул форумду Журналисттер коомдук бирикмеси менен биргеликте Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги өткөрүүдө.

Форум Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата уюштурулган. Анда журналисттер форумдан сырткары Баткен облусунун туристтик өзгөчөлүктөрү менен да  таанышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here