Чек арачынын тагдырын ырга түшүргөн Бекбол

0
9370

Ырчы Бекбол Бакыт уулу жакында эле “Чек ара” аталышындагы ырын коомчулукка тартуулады. Бул ырда 2022-жылдагы Баткен жергесине куралдуу кол салууда мекенин коргогон чек арачынын окуясы айтылат. Бакыт уулу Салам Медиасына маек куруп ырдын жаралуу тарыхын кенири баяндап берди.

“Чек ара” ырымдын жаралуу тарыхына токтолсок. Бул ыр менин эки жыл 15 мунөтүмдү алды. Эки жыл 15 мүнөт дегеним, Тажикстандын эки жолку куралдуу кол салуусуна күбө болдум. Ошол эки окуядагы чек арачылардын мекен коргоодогу аракеттеринен таасирленип 15 мүнөт аарлыгында ушул ыр жарык көрдү.”- дейт Бакыт уулу.

“Чек ара” ыры жарык көргөндөн кийин, ырчыга куралдуу күчтөрдүн оркестрине солист болуу сунушу түшкөн. Ал мындай сунушту четке какканын, өзү туулуп өскөн айылдагы таланттуу жаштарды тарбиялап өстүрүүнү каалагандыгы менен түшүндүрдү.

“Биздин айылда чыгармачыл адамдар жашайт десек болот. Ушул айылдын маданиятына көбүрөөк көңүл буруп, көптөгөн таланттуу балдарды тарбиялап өстүргүм келет”- дейт ырчы.

Бекбол Бакыт уулу “Чек ара” ырынын текстин коогалаңда аскерлер, жергиликтүү эл менен пикир алышкандан кийин жазган. Андыктан ал, чыгарманын тексти элге таандык деп эсептейт. Учурда өнөрпоздун бул чыгармасын чек арачылар тууралуу тартылчу филимдин саунтртеги катары колдонуу сунушу да түшүптүр.

Маектешкен: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here