Баткенде юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды

0
219

Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Маалыматка таянсак, юстиция үйүнүн курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланып жалпы сметалык баасы 35 миллион сомду түзөт. Курулушту  2025-жылдын 1-кварталына бүткөрүү пландалууда.

Юстициянын учурдагы имараты 1979-жылдан бери колдонулуп келет,  шарты талапка жооп бербегендиктен, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Бул имаратта юридикалык жардам кызматы, пробация жана башкармалыктын мамлекеттик нотариустары, юридикалык жактарды каттоо кызматы жана аппарат кызматкерлери жарандарды тейлейт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here