Гапыр Мадаминов жөнүндө сериал чыгат

0
11278

№ 3-эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов тууралуу “Агай” сериалы тартылды. Бул тууралуу сериялдын режиссеру Руслан Акун  инстаграм баракчасына жазды.

Руслан Акун баракчасында “Ушул долбоорду тартканыбыз үчүн 2022-жыл мен үчүн текке кеткен жок. Гапыр Мадаминов агайдын баскан жолун укканда ушунчалык таасирленип, бул окуяны айтып бергенинен абдан шыктандым. Агай жана анын тилектештериндей инсандар барда үмүтүбүз үзүлбөйт”- деп жазган.

Сериял 25- февралдан тарта  УТРКдан бериле баштайт. Тасмада 1990-жылдары  Гапыр агай республикадагы биринчи эксперименталдык гимназияны алыскы айылга ачууну кыялданат жана  окутуунун жаңы усулдары менен заманбап билим берүү мектебин түзүүнү каалайт. Бул максатка жетүү жолунда Гапыр агай жана анын командасы кыйынчылыктар, тоскоолдуктарга кабылат.

Белгилей кетсек, тасманын баш каарманынын прототиби Лейлек районунун мугалими Гапыр Мадаминов. Ал мындан 25 жыл мурун чек ара айылында атайын мектеп ачканы менен белгилүү. Ошону менен бирге ал балдарды окутууда өзүнүн уникалдуу методикасын иштеп чыгып, анын аркасында окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, көптөгөн бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө билим алып, иштеп жатышат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here