БАТКЕНДИК КУТКАРУУЧУ: “Адам өмүрүн сактап калуу – ар бир куткаруучу үчүн дем, шык берип турат”.

0
809

Куткаруучу-бардык кесиптердин ичинен гумандуулугу менен жогору бааланат. Ал бир эле учурда дарыгер, психолог, куткаруучу да боло алат. Ошентсе да, эмгегин эл сыйлап, кызматын калк кадырлаган, 15 жылга чукул убакыттан бери куткаруучулук кесипти аркалап келаткан каарманыбыз-ӨКМдин Сүлүктү шаарындагы взводунун командиринин орун басары капитан Болтаев Ибрахим Абдужалилович.

Каарманыбыз өз кесибинин ысык-суугуна бышып, тажрыйбасы артып, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматында үзүрлүү эмгектенип келаткан кызматкерлердин бири. Жыл башында эле алар нөөмөттө турган күнү чакыруу түшүп, Сүлүктү шаарындагы “Южный 3” шахтасында кен казуучулар калып кеткендиги кабарланган. 2 кен казуучу урандынын астында калгандыгы тууралуу шахтанын кызматкери саат 19:49да маалымдаган. Ошол замат 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы жана ыкчам аракети менен кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 34 жаштагы, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 48 жаштагы жарандар аман-эсен куткарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Куткаруучулар ушул эле шахтада 2022-жылдын май айында да газга ууланып калган 4 кен казуучуну аман алып чыгышкан. Ал эми жогоруда айтылган 2 жаранды издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.

Взвод куткаруучулары үчүн да жер астында жумуш алып баруу жеңил эмес. Сүлүктү шаарында көмүр кен казуу шахталары көп болгондуктан, бир жарым чакырым тереңдикке чейин жер астына түшүп, шахтадан чыккан газды токтотуп тосмо орнотуу, өрттү өчүрүү жана жабыркаган жарандарды издөө, куткаруу иштерин жүргүзгөн учурлар болот. Албетте, мындай мезгилде завал түшүп кетиши же температуранын жогорку басымы болушу да мүмкүн. Ошол учурда биз деле үй-бүлө, жакындарыбызды,өз өмүрүбүздү, кооптуулугубузду ойлойбуз. Бирок Мекен алдында берген аскердик антыбызга бекем туруп, кызматыбызды так аткарууга ар дайым аракет кылабыз,-дейт каарманыбыз.

Газ чыккан учурда чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Себеби ар бир секунда, мүнөт да биз үчүн маанилүү. Ошон үчун мыкты куткаруучу болуу үчун күжүрмөн даярдык керек. Себеби куткаруучу өзүнүн үстүндө мыкты иштеп, татаал даярдыкта болуп турса гана башканы куткара алат деп ишенсе болот.

Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку 2 жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Мындай түйшүктүү, ары жооптуу кесипти аркалаган каарманыбыздын жетишкен ийгиликтеринин, берилген тапшырманы кынтыксыз алып кетүүсүнүн артында анын үй-бүлө, ата-энесинин колдоосу турат. “Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы”,-дегендей, турмушта үй-бүлөлүк колдоо эң маанилүү дейт каарманыбыз. Себеби, алар түн-күн дебестен, ар кандай убакытта куткаруу иштерине чыгышат. Кээде эрте менен чыккан бойдон бир сутка бою жүргөн учурлар да болот.

Бул кесипти тандап калганына эч качан өкүнбөйм,- деген куткаруучу бир адамдын өмүрүн сактап калууга себепчи болуу-ар бир куткаруучу үчүн дем, шык берип турат,-дейт. Өз өмүрүнөн да башкалардын өмүрүн жогору коюп, кыш ызгаарына, жай аптабына же жер астында болбосун, жардамга муктаж болгон жарандарды куткаруу – сыймыктуу кесип экендиги талашсыз. Бар болгула, ӨКМ куткаруучулары.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here