Алимбаев: “Балдар үчүн жаңы жылдык белектер жергиликтүү өндүрүмдөрдөн жасалышы керек”

0
23

Бүгүн 20-ноябрда, Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев,  баткендик ишкерлердин JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында  чыгарылган  продукцияларын көрдү. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, жолугушууда  облус башчысы Баткен облусунун аймагында балдар үчүн жаңы жылдык белектерди даярдоодо, экологиялык жактан таза, натуралдуу, дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык өндүрүлүп жаткан азыктарга көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.

Ишкерлердин алдын ала сунушу боюнча, белектин курамында  өрүк, шабдаалы, жүзүм ширеси, өрүктөн жасалган айгүл токочу, кургатылып, ваакумдалган өрүктөр, өрүк, жаңгак жана бал кошулган батончиктер, “Нукура” таттуулары, туз, кант, өрүк кошулган куруттар, желе, мармелад жана башкалар бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here