Бүгүн, 17-ноябрда өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосу өтүп жатат. Ал эми Баткен облусу боюнча 219 шайлоо участкасы иштеп жатат. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарындагы №9801 шайлоо участкасынан катышып, добуш берди.
Облус аймагындагы 6 шаардык кеңеште 166 мандатка 885 талапкер, ал эми 22 айылдык кеңештерде 552 мандатка 1007 талапкер ат салышууда.
Шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн 950 милиция кызматкери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Баткен облусунда 345 миң 468 шайлоочу бар.