Бүгүн, 14-ноябрда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча окутуу өттү. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Ага ылайык, окутууга жарандарга укуктук жардам көрсөтүү багытында иш алып барган бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.
Окутуу жарандардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, аларга акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга шарт түзүү максатында уюштурулган.
Белгилей кетсек, социалдык колдоого муктаж жарандар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кызматынан акысыз пайдаланса болот. Укуктук жардамга жана кеп кеңешке муктаж жарандар жер жерлерде райондук администрацияларына, мэрияларга жана юстиция башкармалыктарына кайрылып, аталган кызматтын адистери менен байланышса болот.