Облусттук милициядан кабарлагандай, Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан “А.Жомий” жана “А.С.Пушкин” атындагы орто мектептеринин окуучулары арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, мектеп рэкетчилигине жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргузүлдү.
Иш чарада, окуучулар кызыктырган суроолорун берилип, милиция кызматкерлери мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча маалыматтарды берди, – деп жазылат маалыматта.