Өзбекстандан мыйзамсыз лимондун көчөттөрүн алып чыккан жаран кармалды

0
58

Мамлекеттик бажы кызматы, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында, өзбек жаранынын «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автоунаа каражатынан кыргыз жаранынын «Mercedes-Benz Sprinter 412» үлгүсүндөгү автоунаасына бажы көзөмөлүнөн тышкары 400 даана лимон көчөттөрүн кайра жүктөө фактысы аныкталганын кабарлады. 

Көчөттөр Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып чыккан.

Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин, «Mercedes-Benz Sprinter 412» жана «Hyundai Porter» автоунаалары жүк менен “Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагына убактылуу сактоо үчүн жеткирилди.

Көчөттөрдүн жалпы наркы 200 000 сомду түздү — деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here