Бул тууралуу облустук малициадан кабарлашты.
Маалыматка караганда кармалган тургун, Кадамжай районунун 32 жаштагы тургунунун IPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун 23миң сомго баалашып, жасалма чекти көрсөтүп окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Мындан сырткары Кадамжайдын 29 жаштагы туругунун да iPhone 14 телефонун 62миң сомго баалашып, 10 миң сом акчасын накталай берип, калган 52миң сомунун чегин көрсөтүп, изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Алай районунун 22 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, Ош облусунан кармалды.
Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.