2022-жыл үчүн Баткен облусуна бекитилген бюджет дээрлик 4 млрд 200 млн сомду түзөт

0
12031

КРнын Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев 2022-жыл үчүн Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 млрд 197 млн сомду түзгөнүн билдирди.

Сүйүналиев, сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасынын алкагында 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө аймакка жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө 100 млн сом, чек ара аймактарына 110 млн сом которулду-деп билдирди.

Ошондой эле “капиталдык салымдар беренесинин көлөмү 3 млрд сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд сом бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал сумманы пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт”, — деди.

Ал эми “Баткен облусуна жардам” атайын эсебине түшкөн каражаттын суммасы 327 млн сомду түздү. Анын ичинен 84 млн сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт-деп белгиленет маалыматта. Булак “Кабар маалымат агенттиги”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here