Ноокенде жээнине сексуалдык ыдык көрсөткөн 52 жаштагы тургун кармалды

0
30

Ноокен районунда өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаганы үчүн 52 жаштагы таякеси кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта, жабыр тарткан кыздын ата-энеси ажырашкандыктан, кыз тайкесинин үйүндө жашаган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2023-жылдан баштап жээнине бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча жазык кодексинин «Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү эки айга камакка алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here