Кызыл-Кыяда жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти

0
262

 Бүгүн, 18-октябрда түнкү саат 02:50 чамасында 

Кызыл-Кыяда жол кырсыгы катталып,  андан төрт тургун мерт кетти. Дагы төрт адам ооруканага жеткирилди. 

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн бөлүгүндө Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы тургуну «Мерседес-Бенц-211» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан-чыгышты карай унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта унаасын башкарып келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургунунун «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here