Баткендик жаш ойлоп табуучу Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

0
7150

Кечээ, 28-ноябрда Бишкек шаарында өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форумунда  Баткендик жаш ойлоп табуучу  Эрнист Айдарали уулу Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» багытында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Айдарали уулу Салам Медиага билдирди.

Айдарали уулу аталган форумда Энактус Кыргызстан Европа биримдиги тарабынан жылдын жаш инноватору ссыйлыгына да ээ болгон. 

 

Эрнист Айдарали уулу Баткен мамлекеттик университетинин информатика бөлүмүндө 2-курста окуйт. Ал айыл чарба багытындагы ойлоп табуулары менен белгилүү. Буга чейин 50гө жакын стартап долбоорлорду иштеп чыгып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Анын негизги максаты демократиялык өзгөрүүлөр, салттуу рухий-адептик жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, жаш муундардын гуманизм жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөө максатында республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчил жана изденүү маанайында жаштарды тарбиялоого багытталган чыгармаларды жаратууга тартуу болуп эсептелет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here