Салам Медиасында гендердик зомбулукка каршы форум өттү

0
580

Салам Медиасында мектеп окуучулары арасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк компаниянын алкагында форум өттү. 

Иш чарага Баткен шаарынын аймагында мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышты. Иш чарада окуучуларга зомбулуктун түрлөрү, зомбулукка кабылганда кайрылуучу адамдар жөнүндө маалыматтар берилди.

 

Форумда окуучулар гендердик зомбулукка байланыштуу сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. форумдун соңунда сахналык көрүнүштө мыкты роль жараткан окуучулар сыйланды. 

Аталган форум ACTED уюмунун колдоосу менен ЖДС жана КПНС менен биргеликте өткөрүлдү.  

Эске салсак, Баткен облусунун аймагында соңку 10 айда аялдарга карата зомбулуктун 286 катталган.

Салам Медиасы дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө активдүү катышат. Ошондой эле бул өнөктүккө ар бир угарман, көрөрман жана катаалуучусун кайдыгер карабоого чакырат. 

#КоркпоТоктотЖаша

#КоркпоСенЖалгызЭмессиң

#ТоктотСенинАлыңЖетет

#ЖашаӨзүңдүТанда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here