Коомдук журналистика боюнча тренингине чакырабыз

0
58

Түштүк аймактардагы журналисттерди, блогерлерди, медиа активисттерди жана коомчулук менен байланыш боюнча адистерди 2026-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин Баткен шаарында коомдук журналистика, сторителлинг, мобилдик журналистика жана подкастинг боюнча төрт күндүк практикалык тренингке чакырабыз.

Бул иш-чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, CFI Media Development жана Irbis Communication уюмдарынын өнөктөштүгүндө уюштурулууда.

Тренингде эмнелерди үйрөнөсүз?

Катышуучулар заманбап медиа куралдарын өздөштүрүп, өз коомчулугу үчүн маанилүү жана сапаттуу контент жаратууну үйрөнүшөт. Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Журналистиканын негиздери жана этикасы;
  • Сторителлинг: окуя айтуу жана жергиликтүү маанилүү окуяларды аныктоо;
  • Мобилдик журналистика (смартфондун жардамы менен сапаттуу видео жана аудио материалдарды даярдоо);
  • Подкаст даярдоо боюнча практикалык көндүмдөр;
  • Транскрипция жана субтитрлөө үчүн жасалма интеллекттин (AI) жөнөкөй куралдарын колдонуу.