Аптапта этият болуңуз: эсиңизди жоготуп коюшуңуз мүмкүн

0
58

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды аптаптуу ысыкта сак болууга чакырды. Маалыматка ылайык, күндүн ысыгында көп жүрүү организмге терс таасирин тийгизип, баш айлануу, алсыроо жана эсин жоготууга чейин алып келиши мүмкүн.

Адистер жеңил жана ачык түстөгү кийим, ошондой эле баш кийим кийүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, сууну жетиштүү ичип, өзгөчө саат 11:00дөн 16:00гө чейин күн алдында көп жүрбөө керек.