Баткенде “Мадыген” геопаркына кезектеги саякат уюштурулду

0
969

Баткендеги уникалдуу «Мадыген» геопаркынын аймагына кезектеги саякат уюштурулду. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, саякатка облустун аймагынан келген кызматкерлер, тарыхчы мугалимдер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барган. 

Жаратылыш сүйүүчүлөр алгач геопарктын аймагындагы Саркент деңизинин калдыктары аталган Малюскаларга барышты. Андан ары Сары-Тоо капчыгайына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү — «Мадыген» оазисине, каньондорго саякатташты.

«Мадыген» геопаркынын туристтик маршруту иштелип чыккан, жакынкы аралыкта аймакка байкоочу аянтчаларын куруу иштери жүрөт, – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here