Баткенде аткезчилик менен доллар алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

0
611

Бажы кызматкерлери «Кызыл-Кыя» өткөрүү пунктунда  чмыйзамсыз акча алып өтүүнү аныктады. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган өткөрүү пунктунда кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаа текшерүүгө алынып, унаадан эч кандай товар коштоочу жана бажылык тариздөөнү тастыктаган документтери жок 17 миң 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттары табылган.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди — деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here