Баткенде күйөөсүнүн ур токмогунан 32 жаштагы келин комага түштү

0
74

Баткенде күйөөсүнүн ур токмогунан 32 жаштагы келин комага түштү. Бул маалыматты облустук милиция Салам Медиага тастыктады Учурда зомбулукка кабылган аял Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат анын абалы оор бойдон калууда. 

Милициянын маалыматы боюнча шектүү 19-октябрда түн ичинде жубайын Кара-Булак айылынын түштүк тарабынан өткөн жолдун жээгине алып барып, пикир келишпестиктен улам жердеги ташты алып башынын арт тарабына бир жолу уруп, окуя болгон жерден кетип калган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага жазык кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Белгилей кетсек, Баткен облусунда үстүбүздөгү жылдын жети айына карата, 407 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын кесепетинен 287 аял жабыркаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here