Баткендин тургуну борбордо химиялык тазалоочу жай ачып, ЮСАИДден 5миң доллар грант алды

0
10506

Кадамжай районуна Чабай айылынын тургуну Манас Досанов беш жыл Москвада эмгек мигранты болуп иштеген. Ал Кыргызстанга кайтып келип, Cristals.kg компаниясын негиздеген.

Досанов 2014-жылы Орусиянын Москва шаарында химиялык тазалоочу цехте жүктөгүч болуп иштеген, андан кийин булгаары цехине которулуп, жардамчы болуп ишке орношуп, бут кийим тазалоону үйрөнгөн. 2019-жылы Кыргызстанга кайтып келип, өзүнүн химиялык тазалоочу компаниясын негиздеген.

«Башында бизде эч нерсе болгон эмес. Ушунун баарын бекер баштадык, биз үчүн эмес деген ойлор болгон. Анан биз жылдыздар менен иштешип, алар бизди жарнамалагандан кийин соц тармактарда катталуучуларыбыздын санын көбөйтө баштадык. Алгач 5 миң, андан кийин 10 миң. Жазылуучулар көп болгондо, эл кызыгып, кардарлар келе баштады», — деди ал.

2021-жылы Манас Досанов “Мигрант Ишкер” долбоорунун алкагында бизнес ачуу боюнча тренингге катышкан. Ал мыкты бүтүрүүчү катары USAIDдин Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоорунан 5 миң долларлык жабдууларды алды.

Бул тууралуу “Экономист” каржы басылмасы жазды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here