Лейлектин Максат айылында 100 гектар жерге көчөт отургузулат

0
969

Лейлек районунун чек арадагы Максат айылында айыл чарба багытындагы 100 гектар жерге интенсивдүү (тез өсүүчү) алма, алмурут, нектарин жана алча бактары отургузулат. Бак тамчылатып сугаруу системасы менен өнүктүрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иш аракет «Жашыл чек ара» кооперативдик интенсад долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ал жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган.

Кооператив көчөттөрдү отургузуу үчүн атайын техника менен жабдылат жана чогултулган продукцияны сактоо үчүн сыйымдуулугу 5000 тоннага чейинки сактоочу жай курулат. Анын ичинде продукцияны жуугуч, сорттоочу, калибрлөөчү жана таңгактоочу жабдуулар үчүн жайларды куруу күтүлүүдө.

Өстүрүлгөн продукция экспортко багытталып, ошондой эле ички базарларда сатылат-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here