Кадамжайда тогуз айда балдар арасында сарыктын 500дөн ашык учуру катталды

0
37

Кадамжай районунда ушул жылдын тогуз айында 561 сарык учуру катталган. Анын 250 бала аймактык ооруканада даарыланган. Бул тууралуу Кадамжай райондук санэпид көзөмөл бөлүмүнүн башкы дарыгери Исмаил Карабаев Салам Медиага билдирди. 

Балдар арасындагы сарык оруусунун өсүшүнө байланыштуу райондук санэпид көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери Кадамжай шаарындагы орто мектептерде жана бала бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Анда жугуштуу сарык жана кызамык оорууларын алдын алуу багытын түшүндүрүп, жугуштуу оорулардын жугуу жолдору, кесепеттери жана алдын алуу боюнча маалымат беришти.

Эске салсак, 2023-жылдын тогуз айында сарыктын 230 учуру катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here