Президенттик администрациядан билдиришкердей, бүгүн, 18-отктябрда Айыл чарба министрлигине 112 даана техника тапшырылды. Анда экскаватор, жүк көтөрүүчү манипулятор, жүктөгүч, бетон аралаштыргыч, бульдозер, грейдер, автобус жана башка техникалар бар.
Техникалар 1 миллиард сомго мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жана алар ар кайсы аймактарга бөлүнүп берилет.
Техникаларды тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышып, айыл чарба тармагы өлкө энокомикасы үчүн маанилүү тармак экенин белгиледи.