Зардалы айылына тез жардам унаасы берилди

0
58

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Зардалыга берилген тез жардам унаасы президенттик фонддон алыскы аймактарда калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн  саламаттык сактоо уюмдарына берилген 20 тез жардам унааларынын бири.  

Аталган айылда фельдшердик-акушердик пункттан башка медициналык кызмат жок болуп, айыл тургундары катуу ооруп калган учурда облустук борборго тик учак менен гана барууга мүмкүн болгон.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Зардалыга болгон сапарында жергиликтүүлөр тез жардам унаасын суранышкан. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here