Баткенде өзбекстандык дарыгерлер  эки күн медициналык кароо өткөрөт

0
28

Бүгүн, 21-октябрда Өзбекстандын адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлер Баткен шаарына келди. Дарыгерлердин курамында онколог, эндокринолог жана  онкогинеколог бар. Алар бүгүндөн тарта, эки күн  ичинде Баткен областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Баткен облусунун жарандарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт.   

Дарыгерлердин сапары эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу. Эки өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

Бул сапардын алкагында, Баткен областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын  Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык,  медициналык реабилитация борборунун ортосунда  кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here