Президент дарыгерлердин айлыгын көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

0
1040

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медперсоналдын маянасы 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат. 

https://president.kg/news/all/25490

Садыр Жапаров маяна жогорулагандан кийин медкызматкерлер канча айлык ала баштарынын бир нече мисалын келтирди: 

Эгерде мурда алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, компенсация алгандан кийин 50 205 сом ала баштайт; 

35 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог-врач айлыгы көтөрүлүп, компенсация төлөнгөндөн кийин 73 222 сом алат; 

32 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 709 сом алат; 

Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиясынын суммасы 20 миң сомду түзөт. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here