Кадамжайда банги өсүмдүгүн өстүргөн киши өз ыктыяры менен өсүмдүктөрдү милицияга тапшырды

0
332

Облустук милициянын маалыматына караганда, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Чандеки айылынын 51 жаштагы тургуну үлүш жеринде иниси мыйзамсыз өстүргөн 11 даана бангизатына окшош, өзгөчө жыты бар өсүмдүктү алып, өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берген.

Бул факт боюнча жазык кодексинин “Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык өсүмдүк бангизаттын кара куурай түрү экендиги аныкталган.

Анын салмагы 3 килограмм 150 граммды түзгөн.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here