Япония Баткендеги жолдорду жакшыртууга 48 техника берет

0
1258

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан маалыматка караганда, техникалар  «Баткен облусунун жолдорун тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» гранттык долбоорунун алкагында  берилет.

Аталган долбоор Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан кайтарымсыз негизде каржыланат.

Бул багытта кечээ, 26-июнда Токио шаарында министрлик менен Япониянын «Тойота Цушо Корпорейшн» компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду.  

Белгиленгендей, долбоордун алкагында 2025-жылы Баткенге заманбап жол-курулуш техникалар, анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here