Лейлектин Чоң-Дөбө жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн Кең-Талаа айылынын 59 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган тургундун аңчылык кылган куралы эч жерде каттоодо турбаган 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал болгондуктан, ага кылмыш жаза кодексинин “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Ал эми алынган ок-дарыларга жана ок атуучу куралга тийиштүү экспертизалар дайындалган.