Кызыл-Кыяда бир нече айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы тургуну Ушул жылдын 4-сентябрында эжесинин үйүнөн саат 17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жүргөн. Бул факты боюнча милиция иш алып барып, кыздын жүргөн жерин аныктаган.
Учурда дайынсыз жогологон кыз Бишкек шаарынан алынып келип, апасына тапшырылды.