Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкташкан муздаткычтуу кампа курулууда

0
150

Бүгүн, 26-июлда Баткен районунда 500 тонна жемишке ылайыкташкан муздаткычтуу кампа куруу үчүн меморандумга кол коюлду. Бул иш-чарага облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров, «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмунун өкүлү Шин Джонг Хйонг жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Баткендин Дара айыл өкмөтүндө курулуп жаткан логистикалык борбордун биринчи этабы республикалык бюджеттен 5млн 853 сомго бүткөрүлдү. Курулуштун толук аякташы үчүн «Гуд Нейборс Интернешнл» 10 млн сом, ал эми Дара айыл өкмөтү 3 млн сом бөлдү. Долбоордун жалпы суммасы 18млн 853 сомду түзөт.

Беш муздаткычтуу ишкананын эки муздаткычы жыл аягына чейин ишке кирүүсү пландалып жатат. Бул логистикалык борбор жергиликтүү дыйкандардын жемиштерин сактоого жана экспорттоого чоң өбөлгө түзөт.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here