Сүлүктүдө ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган 5 жаранга айып пул салынды

0
252

Облустук милициянын маалыматына таянсак, Сүлүктү шаарынын аймагында 26-28-август күндөрү “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлүп,  милиция каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу  затттарды сактоочу кампаларды текшерип чыкты. 

Жалпысынан 350гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин  133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) менен беш жаранга протокол түзүлдү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here