Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кайрылган тургундарга жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш чарада, жарандарга сарык, кызамык, папилома оорулары боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле жугуштуу ооруларга каршы жасалуучу эмдөөнүн маанилүүлүгү да айтылды.