Кадамжайдын Майдан айылында, ок атуучу курал алып жүргөн 40 жаштагы тургун кармалды. Бул туурасында облустук милиция билдирди.
Маалыматка карганда, 40 жаштагы тургун милициянын «Издөө» рейддик иш-чарасы учурунда “Тегирмеч” жайлоосунда өзүнүн жанында көтөрүп жүргөн мыйзамсыз ок атуучу куралы менен кармалды. Ок атуучу курал ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир дүрмөттүү сайлуу курал эки даана октору менен алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда, кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, текшерүү иштери жүрүп жатат.