Акыйкатчы бийлик өкүлдөрүн Зардалынын социалдык  көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды

0
119

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен районунун алыскы Зардалы айылынын социалдык көйгөйлөрүнө көңүл буруп,  көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө чакырды. 

Акыйкатчы институту  айылда билим берүү, медициналык кызматтар жана инфратүзүм көйгөйлөрү курч бойдон турганын, 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте болгону 7 окуучу билим алып, 2 мугалим эмгектенерин белгиледи.

Ошондой эле мектепте окуу китептери жетишсиз, ал эми окуучуларга берилген тамак-аш бир айга болгону бир коробка печенье жана вафли менен чектелерин кошумчалады. 

Зардалыда электр жарыгы жана медициналык пункт жетишсиз, ал тургай, уюлдук байланыш да жок. Жергиликтүү тургундар дарыгердин жоктугунан медициналык жардам алуу үчүн чек ара заставасына кайрылууга мажбур. Кыш мезгилинде айылды облус менен байланыштырган жалгыз жол жабылып, тургундар кооптуу аска боорундагы жол менен катташат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here