Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаранга жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал былтыр ноябрда Кызыл-Кыя шаарындагы банктардын биринен жети миң жасалма АКШ долларын алмаштырып, изин жашырып кеткен.
Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.