Эртең, 19-сентябрда Кадамжай районунун Исхак Полотхан, Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарында электр энергиясы эрте мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин өчүрүлөт.
Баткен электр тармактар ишканасы бул убактылуу өчүрүү «Халмион» жана «Металлургиялык» көмөк чордонунда жүрүүчү күз-кыш айларына карата даярдыктын негизинде жүргүзүлөрүн билдирди.