Баткен шаарында 11-17-сентябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар, калган тилкелерде мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашып, бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Эске салсак Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ушул жылдын июл айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасынын 94 пайызы такталганын кабарлаган.