Кадамжайдын Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Баяман баатыр” базарынан бир миллион сомдук буюмду алып, кайра бербей жүргөн Сузактык 29 жаштагы жаран кармалды.
Облустук милициядан билдиришкендей, бул факты боюнча жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.