Кызыл-Белде бийлик өкүлдөрү эл менен жолукту

0
85

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү Кызыл-Бел айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу райондук бийликтен кабарлашты.

Ага ылайык, иш чарада тургундар турак жай, сел тосмолору, чек ара маселелери, жол, жайыт, таза суу жана сугат суу маселелерин көтөрүштү. Аким Учкунбек Жоробаев тийиштүү жетекчилерге бул маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди. 

Ошондой эле райондогу күч түзүмдөрүнүн башчылары чек ара коопсуздугу тууралуу сөз сүйлөп, аткезчиликке каршы аракеттер жөнүндө маалымат берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here