Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык кездемелерди ташыган жаран кармалды

0
410

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, өзбек жаранынын башкаруусундагы «MERCEDES-BENZ 516CDI» үлгүсүндөгү унаанын жүк салонун текшерүүдө 156 рулон пахтадан жасалган кездемелер табылган. Жүктүн жалпы салмагы 2953 кг түзгөн.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык товардын баасы 1 476 450 сомду түздү. Кадамжай шаардык сотунун чечими менен «MERCEDES-BENZ 516CDI» үлгүсүндөгү автоунаа, ошондой эле 150 рулон кебез кездеме мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

Чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here