Кыргызстанда сегиз миңден ашык жумуш орундары бош турат

0
166

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө сегиз миңден ашык бош жумуш орундары бар экенин кабарлады. 

Ага ылайык, эң көп суроо талап жогорку болгон адистерге мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер, саламаттык сактоо кызматкерлери, тигүүчүлөр, курулуш тармагындагылар, айдоочулар жана дагы ар тараптуу жумушчулар кирет.

Министрлик алардын орточо айлык акысын 21 миңден, 62 миң сомго чейин деп көрсөттү.

Иш менен камсыз кылуу боюнча маалымат алуу үчүн 18 99 номерине чалып, же zanyatost.kg веб-порталынан кароого болот. Порталдагы контакты блогунан ар бир райондун даректери тууралуу маалымат таба аласыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here