Лейлекте эки миллион сомдон ашуун аткезчилик дарылар аныкталды

0
83

Лейлектин Арка-2 айылында 30 жана 26 жаштагы тургундар башкарган унаалардан Тажикстандан ташылып келген 145 куту ампициллин жана цефтриаксон дары препараттары аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымадады.

Маалыматка караганда, аныкталган кутулардын ар биринде 16 таңгак болуп анда 50 даанадан дары перепараттары болгон.  Алардын болжолдуу баасы 2 млн 200 миң сомду түзөт.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here