Алты айда Баткенде 24 адам жол кырсыгынан каза тапты

0
135

Бул тууралуу, облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов Салам Медиага билдирди.  

Маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын алты айында облуста 108 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 18 адам, алты өспүрүм көз жумган. 

Эске салсак, жол кайгуул кызматы жол эрежесин дрон аркылуу көзөмөлдөөдө. Бул ыкма жол кырсыктарын болтурбоо максатында, ошондой эле жол эрежесин бузгандарга чара көрүү максатында ишке киргизилген. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here